2. «Нумизматика» таблицасынын жоопторун тапкыла. 1) Фан тыйындары Кыргызстандын кайсы шаарында чегилген? 2) Тыйындын аверсинде түргөштөрдүн кандай белгиси түшүрүлгөн? 3) Соода-сатык өнүккөн сайын буюм ордуна акча бирдиги катары эмне колдонулган? 4) Каури үлүлдөрүн акча каражаты катары кайсы уруулар кеңири колдонгон? 5) Кыргызстандын аймагында төлөө каражаты катары алтын, күмүштөн куюлган кандай буюмдар пайдаланылган? 6) «Нумизматика» деген сөз латын тилинен которгондо эмнени түшүндүрөт? 7) Пилдин сөөгү кайсы мамлекетте акчанын милдетин аткарган? 8) Кыргызстандан табылган жез тыйындар кайсы кагандык дооруна таандык? 9) XVIII кылымга чейин кайсы океандын жээктеринде товар алмашуу каражаты катары каури үлүлдөрү кызмат кылган? 10) Б. з. ч. VII кылымда алгачкы тыйындар кайсы аймакта пайда болгон? 11) Б. з. ч. I кылымында Кытайда товарлардын наркын көрсөтүүчү өзгөчө каражат басылып чыгарылган. Ал каражат эмне деп аталат?