Ответ:

а) Спирт менен сууну кайноо температуралары ар башка болгондуктан, айдоо (дистилляция) жолу менен бөлүшөт.

б) Кум менен кантка суу кошуп, кантты эритишет. Кумду чыпкалап бөлүп алышат; андан соң канттуу эритмени буулантып, кантты кристалл түрүндө алышат.

в) Темир күкүмдөрүн магнит менен тартып алышат. Жез магнитке тартылбайт.

г) Суу менен бензин аралашпайт жана катмарларга бөлүнөт. Аларды бөлгүч воронка менен бөлүп алышат.