3-бөлүк. Текстти окугула. Текст боюнча тапшырмаларды аткаргыла. Жооптордун ичинен текстти толук жана так чагылдырган вариантты тандагыла.
Ар бир туура жоопко 2 упай берилет.
Папирус
Папирус – байыркы доордо адамдар жазуу үчүн колдонгон алгачкы материалдардын бири. Ал Нил дарыясынын жээгинде өскөн папирус аттуу өсүмдүктөн жасалган. Бул өсүмдүктүн сабагы узун жана бекем болгондуктан, жазууга ыңгайлуу материал катары пайдаланылган. Папирус даярдоо үчүн өсүмдүктүн сабагын узун бөлүктөргө бөлүп, аларды катмар-катмар кылып жайгаштырышкан. Андан кийин аны күнгө кургатышкан. Кургатылгандан кийин беттери жылмакай болуп, жазууга даяр абалга келген. Папируска камыш калем менен сыя колдонуп мыйзамдарды, каттарды, жомокторду жана тарыхый окуяларды жазышкан. Ал көбүнчө Байыркы Египетте кеңири колдонулган.
Папирус кагаздын жана китептин пайда болушуна чоң таасир тийгизген. Бүгүнкү күндө папирус жазуулары музейлерде сакталган тарыхый мурас катары бааланат.
Туура жоопту тегеректеп белгиле.
№1. Папирус – бул
а) таш
б) өсүмдүк
в) буюм
№2. Папирусту
үчүн колдонушкан.
а) жазуу
б) кооздук
в) тамак
№3. Кайсы маалымат текстте берилген эмес?
а) кол чатыр жана үй буюмдарын жасашкан
б) папирус жазуулары музейде сакталган
в) өсүмдүктөн жасалган кагаздын бир түрү
№4. Азыркы күндө папирус жазууларын
көрүүгө болот.
а) Нил дарыясынын жээгинен
б) китеп дүкөндөрүнөн
в) тарых музейлеринен
№5. Папирус
таасир эткен.
а) музейлердин пайда болушуна
б) алгачкы китептин пайда болушуна
в) сыянын келип чыгышына
№1. Папирус – бул б) өсүмдүк (Текст гласит: «Ал Нил дарыясынын жээгинде өскөн папирус аттуу өсүмдүктөн жасалган.»)
№2. Папирусту ... үчүн колдонушкан. а) жазуу (Текст: «...жазууга ыңгайлуу материал катары пайдаланылган.»)
№3. Кайсы маалымат текстте берилген эмес? а) кол чатыр жана үй буюмдарын жасашкан (В тексте не упоминается использование папируса для изготовления кол чатыров и бытовых предметов.)
№4. Азыркы күндө папирус жазууларын ... көрүүгө болот. в) тарых музейлеринен (Текст: «...папирус жазуулары музейлерде сакталган...»)
№5. Папирус ... таасир эткен. б) алгачкы китептин пайда болушуна (Текст: «Папирус кагаздын жана китептин пайда болушуна чоң таасир тийгизген.»)