Ответ:

Гүл да музыканы сүйөбү?

Америкалык окумуштуулар гүлдөрдүн тынчтыкта жана катуу добуш чыккан жерде кандайча өсө турганын изилдешкен. Көрсө, гүлдөр тынч абалда жакшы өсүшөт экен. Ошондой эле жагымдуу музыканын да оң таасир эткенин байкашкан. Өсүп турган гүлдү ызы-чуулуу жерге алып барып койсоң, ал он күндөн кийин солуй баштаган экен.