Жалпы эреже катары, теңдемелерди чыгарууда арифметикалык амалдарды (кошуу, кемитүү, көбөйтүү, бөлүү) жана даражаны көтөрүү, тамырдан чыгаруу амалдарын колдонсо болот. Теңдеменин эки жагына бирдей санды кошууга же кемитүүгө, нөлдөн башка санга көбөйтүүгө же бөлүүгө болот.