Ответ:

Тескерисинче, ушул төрт чекиттин үчөөсү бир түз сызыкта жатат дейли. Төртүнчү чекит бул түз сызыкта жатпайт, анткени болбосо төрт чекит тең бир түз сызыкта, демек бир тегиздикте да жатмак. Түз сызык жана анда жатпаган чекит аркылуу бир гана тегиздик жүргүзүлөт. Ошондуктан төрт чекит тең бир тегиздикте жатат деген жыйынтык чыгат. Бул шартка каршы келет.

Демек, алардын ар кандай үч чекити бир түз сызыкта жатпайт.